Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 16:03

Ярославль абагындагы үрөй учурган видеолор жарыяланды


Ярославль шаарындагы №1 түзөтүү колониясы, 21-июль, 2018-жыл.

Орусиядагы «Новая газета» басылмасы Ярославль түрмөсүндөгү үрөй учурган видеолорду чыгарды. Москвадан 250 чакырымдай алыс жайгашкан Ярославль шаарындагы №1 түзөтүү колониясында соттолгондор кабылган кыйноолор тартылган видеону гезиттин редакциясына «Коомдук вердикт» фондунун юристтери беришкен.

Күзөтчүлөр тарткан делген эки видеодо былтыр жайында абактан бошотулган Павел деген жигитти көрсө болот. Үч секундалык роликте жылаңачталган Павел формачан кайтаруучулардын алдында бүк түшүп отурат. Анын оозун байлап сабашкан, бирөө башын кармап турган. Аны тактай менен жамбашка, желим таяк менен таманга койгулашкан. Эки жолу эс учун жоготуп кулаганда суу бүркүп, өзүнө келтиришкен.

Дагы бир видео түрмө администрациясынын кызматкери Владимир Костюктун регистраторуна тартылган. Анда Костюк башынан катуу жараат алган Павел Соколов деген башка бир айыпкерди сабап жатат.

Былтыр “Коомдук вердикт” фонду журналисттерге видео регистраторлордон тартылган бир нече тасманы өткөрүп беришкен. Ал видеолордо да кайтаруучулар соттолгондорду башка-көзгө койгулап, сабашканы тартылган.

“Новая газетадагы” материалдан кийин колонияда текшерүү жүргүзүлүп, кылмыш иши козголгон. Соттун чечими менен түрмөнүн 17 кызматкери иштен алынып камалган. Аларга "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" деген кине коюлган.

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG