Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:35

Укук коргоочу опузага кабылганын билдирди


Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

Укук коргоочу Рита Карасартова 8-мартта Бишкекте өткөн аялдардын тилектештиги боюнча жүрүштөн соң тынымсыз коркутууга кабылганын билдирди. Укук коргоочунун айтымында, анын дарегине агрессивдүү билдирүүлөр келип жатат.

«Айрымдар "чет өлкөгө чыгып кетпейсиңби" деп айтышат. Мен андай жолго барбайм. Эгер башка жакка чыгып кетсем, Кыргызстандагы жарандык коом үчүн чекит койгон болом. Мен ушул өлкөдө туулган соң пикирлердин ар түрдүүлүгү үчүн күрөшөм», - деди Карасартова.

Рита Карасартова бул маселе боюнча укук коргоо органдарына кайрыла элек экенин кошумчалады.

Ушундай эле кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөр социалдык тармактар аркылуу жүрүшкө катышкан саясатчылар Равшан Жээнбеков менен Эдил Байсаловдун дарегине айтылууда.

8-мартта Бишкекте аялдардын тилектештик билдирген жүрүш өткөн. Акцияда кыз-келиндердин укуктары, феминисттик көз караштардан тышкары жыныстык азчылыкты колдогон плакаттар да болгон. Ушундан улам айрым уюмдар «жыныстык азчылыктарды жактаган жүрүш болду» деп шаардын бийлигин жана ага катышкан активисттерди сынга алышууда.

XS
SM
MD
LG