Табып Ашым (Хашим) Зайналиев анын элди өз алдынча дарылашына тыюу салган соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
19-февралда Бишкектин Октябрь райондук соту Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп таап, анын элди дарылашына, лицензиясы жок дары-дармектерди колдонушуна тыюу салган. Буга райондук прокуратуранын өтүнүчү себеп болгон.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы козгогон кылмыш ишине байланыштуу Зайналиев 2018-жылдын 22-декабрында камакка алынган. Быйыл 21-январда Бишкектин Октябрь райондук соту жабыркоочу тарап доосу жок экенин айткандан кийин табыпка карата кылмыш ишин токтоткон. Ал сот залынан бошотулуп, өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилген.
Саламаттык сактоо министрлиги Зайналиевди жоопко тартууну өтүнүп, 2016-жылдан бери Башкы прокуратурага бир нече жолу кайрылган. Эки жолу кылмыш иши козголуп, кайра жабылып калган. Министрлик ал кайрадан оор дартка чалдыккан бейтаптарды өз алдынча дарылоого аракет кылып жатканын, бул эч бир медициналык талапка шайкеш келбей турганын эскертип келет. Табыптын тарапкерлери анын колунан айыккан кишилер бар экенин айтып жүрүшөт. (ErN)