Түрмөдөн чыккан саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Бекболот Талгарбеков жана «Саясий туткундарды коргоо комитетинин» мүчөлөрү Бишкектеги жыйында саясий негизде соттолгондорду актоо боюнча демилгелер талкуулашты.
Чогулгандар өздөрү саясий негизде камакка алынганын белгилеп, бул үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевди айыпташты. Алардын көбү мурдагы мамлекет башчы жүргүзгөн саясатты сынга алып, 2011-жылдан 2017-жылга чейин мамлекеттик насыялардан жана бюджеттен уурдалган 5-7-млрд. доллар каражатты кайра кайтарууну талап кылышты. Бул сумма кайсы эсептерден алынганын такташкан жок.
Буга улай чогулгандардын көбү азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун бир катар демилгелерин колдоого алаарын билдиришти. Талкууга буга чейин абактан чыккан саясатчылардан сырткары укук коргоочулар да катышты.
«Саясий туткундарды коргоо комитети» ушу тапта саясий негизде куугунтукталган деп эсептелген жарандардын саны 30га чукул экенин эсептеп жатат. Өткөн жумаларда бул тизмеге кирген саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Бекболот Талгарбеков мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө эркиндикке чыккан.
Ошол эле айрым күчтөр саясий негизде кесилген деп эсептеген Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров учурда түрмөдө. Бул эки саясатчынын иши күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык апрель айында кайра карала турганы белгилүү болгон. (ZKo\ErN)