Нарын шаарынын базарында мыйзамсыз коюлган күркөлөрүн мэрияга алдырып жиберген беш аял эки күндөн бери облустук администрациянын алдында ачкачылык кармап олтурат.
«Элге кызмат кылбаган жана үнүн укпаган бийлик кетсин» деп жазылган плакаттарды кармаган аялдар 11-мартта түнкү бир жарымга чейин турушту. Алар акциясын 12-мартта да улантууда. Чогулгандар жергиликтүү бийлик талабын аткаргыча кетпей турганын айтышууда.
Нарын шаарынын вице-мэри Давид Курманов нааразы болуп жаткандар менен буга чейин сүйлөшүүлөр болгонун, орток пикирге келе алышпаганын айтты. Ал базардагы мыйзамсыз коюлган күркөлөрдүн ордуна тротуар жана арыктар салынарын билдирди.
Нарын шаарынын борбордук көчөсүнүн жээгиндеги жана базардагы мыйзамсыз коюлган күркөлөр эки жылдан бери тазаланып жатат. Бул аралыкта алтымыштай күркө алынып, дагы кырктайына эскертүү берилген. (MiK\ErN)