Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:15

АКШ Венесуэладагы дипломаттарын толук чыгарат


Аялдардын эл аралык күнүндө оппозиция лидери Хуан Гуайдо менен жолугушууга чогулгандар. Венесуэла, Каракас. 8-март, 2019-жыл.
Аялдардын эл аралык күнүндө оппозиция лидери Хуан Гуайдо менен жолугушууга чогулгандар. Венесуэла, Каракас. 8-март, 2019-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Венесуэладагы америкалык дипломаттарды толук чыгаруу тууралуу буйрук берди. Бул кадам Вашингтон орусиялык «Еврофинанс Моснарбанкка» каршы санкция жарыялагандан кийин жасалды.

АКШнын 11-марттагы чечими Каракас менен Москвага басымды күчөттү. Орусия - Венесуэланын президенти Николас Мадуронун режимине финансылык чоң колдоо көрсөткөндөрдүн бири.

АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Мадурону легитимсиз президент катары жарыялап, оппозиция лидери Хуан Гуайдону колдогон.

Помпеонун акыркы билдирүүсүнө чейин Американын Финансы министрлиги орусиялык «Еврофинанс Моснарбанкка» карата санкция киргизген. АКШнын санкцияларына карабай, банктын таза активдери 2018-жылы 50 пайыз жогорулаганын билдирген.

2011-жылы негизделген банкты Орусия менен Венесуэланын Улуттук өнүгүү фонду биргелешип башкарат.

АКШнын санкциясы тууралуу маалымат чыккандан кийин «Еврофинанс Моснарбанк» туруктуу иштеп жатканын, кардарлары менен өнөктөштөрүнүн алдында бардык милдеттерин аткарарын билдирди.

Венесуэлада азыр кош бийлик өкүм сүрүп жатат. Армиянын жетекчилиги президент Николас Мадурону колдойт.

Өзүн президент деп жарыялаган парламент спикери, оппозиция лидери Хуан Гуайдонун бийлигин АКШ, Канада, Евробиримдик баш болгон ондогон мамлекеттер тааныган. Орусия, Кытай жана башка бир катар өлкөлөр Николас Мадурону мыйзамдуу президент деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG