«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 13-мартта түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын болбойт. Тоолуу жерлерде жана тоолордо жолдорго муз тоңот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16,
Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз +10…+15,
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз +7…+12,
Нарын аймагында түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…+5 градус болот.
13-мартта Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +2…+4, күндүз +14…+16 градус жылыйт. (ErN)