Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:04

Ошто жасалма акча жасагандар кармалды


Кармалган адамдардан алынган жасалма акча.
Кармалган адамдардан алынган жасалма акча.

Ош облусунун Алай районунда дүкөндөрдө жасалма акча менен соода кылып жүргөн үч киши кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Кармалгандардын экөө 22 жашта, бирөө 21 жашта, Ноокат районунун тургундары экени такталды. Алар Алайдагы беш дүкөнгө кирип, эки миң сомдук жасалма купюралар менен, жалпысынан 10 миң сомдук соода кылышкан. Берген каражаттарына азыраак гана товар алып кайтарым акчасын чыныгы акчага айландырышкан.

Бул факты Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш кодексинин 225-беренесинин («Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо») негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Далил катары алынган эки миң сомдук купюрага соттук-техникалык-криминалистикалык экспертиза дайындалып, жасалма экендиги далилденди. Жасалма акча шектүүлөрдүн биринин үйүндө жасалгандыгы аныкталган. Акча жасаган жабдуу алынып, далил буюм катары кылмыш ишине тиркелген.

Шектүүлөр өздөрү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары улантылууда. (MdN\ErN)

XS
SM
MD
LG