АКШ жана укук коргоо уюмдары Иранда адвокат Насрин Сотудехке чыккан сот өкүмүн сындап чыгышты.
11-мартта ирандык маалымат каражаттары былтыр июндан бери беш жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адвокатка өлкөнүн Жогорку лидери аятолла Али Хаменейди “кемсинткени” үчүн дагы эки жыл берилгенин кабарлашкан.
Бирок Сотудехтин күйөөсү Реза Хандан азыркы мөөнөткө дагы 33 жыл кошулганын жана 148 жолу балак уруу чечими чыкканын айтып жатат.
"Amnesty International" уюму Иран сотунун чечимдерин айыптады. "Human Rights Watch" уюму (HRW) муну Иранда ар бир укук коргоочуга багытталган коркунуч катары сыпаттады.
АКШнын мамлекеттик катчысынын басма сөз катчысы Роберт Палладино "Твиттерде" "Хаменей даңазалаган акыйкаттын жаңы доору ушулбу?" деп жазды. Европа комиссиясы Сотудехтин ишин токтоосуз карап чыгууга Иранды чакырды.
Укук коргоочу, адвокат Насрин Сотудех 2012-жылы Европарламенттин Сахаров атындагы сыйлыгын алган. Ал 2018-жылдын жайында камакка алынып,“системага каршы аракет кылган” жана өлкөнүн Жогорку лидери аятолла Али Хаменейди “кемсинткен” деген негизде абакка кесилген.