Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:42

Кыргызстандык Айнура Сагын дүйнөлүк IT сынагында биринчи орунду ээледи


Айнура Сагын.
Айнура Сагын.

Кыргызстандык Айнура Сагын дүйнөлүк IT сынагында биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу «Google» компаниясында эмгектенген дагы бир кыргызстандык Тилек Мамутов «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

31 жаштагы Айнура Сагын Силикон өрөөнүндө жайгашкан «Toptal» компаниясы уюштурган IT сынагында Азия чөлкөмүнөн биринчи орунду алып, эң мыкты беш лидер айымдын катарына кирди.

Аталган сынак Америка, Европа, Африка, Азия жана Океания чөлкөмүнөн лидер айымдарды тандайт. Тилек Мамутов эң күчтүү атаандаштык Азия чөлкөмүндө байкаларын жазган.

Айнура Сагын 10 жаштан 18 жашка чейинки кыздарды глобалдык «Technovation» сынагына даярдап келген. Сынактын алкагында кыздар өздөрү технологиялык долбоор ойлоп таап, аны ишке ашырган соң калыстар тобунун сынына коет.

Айнура Сагын ири сынакта Индия, Кытай жана Пакистан сыяктуу мамлекеттердин өкүлдөрү менен күч сынашкан. (KR)

XS
SM
MD
LG