Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Жалал-Абадда жарым жылдан бери вице-мэр дайындала элек


Жалал-Абад.
Жалал-Абад.

Жалал-Абад шаарынын мэринин коммуналдык чарба жана курулуш боюнча орун басарынын орду өткөн жылдын октябрь айынан бери бош турат.

КСДП фракциясынын квотасындагы вице-мэрлик кызматка ушул кезге чейин эч ким дайындала элек.

Шаардык кеңештеги «Ата-Журт» фракциясынын лидери Шайырбек Ташиев «Азаттык» радиосуна 13-мартта билдиргенине караганда, көпчүлүк коалиция бул маселеде бир пикирге келе албай жатат.

Жалал-Абад шаарынын мэриясында тармактар боюнча үч орун басар иштейт.

Мурунку вице-мэр Урмат Маматов «жумуштан өз каалоом менен кетүүгө айрым бир тараптардын талабы негиз болду» деп «Азаттыкка» билдирген.

Буга чейин Маматов 2013-жылы кызматынан бошотулуп, бир жылдан кийин соттун чечими менен кайра келген.

Ал эми 2017-жылы ошол учурдагы мэр Салайдин Авазовдун буйругу менен жумуштан четтетилип, анда да шаардык, облустук сот мэрдин буйругун жокко чыгарган. Бош жүргөн күндөрү үчүн ал шаар бийлигин 76 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген. (RsK)

XS
SM
MD
LG