Кошмо Штаттар ирандык укук коргоочу Насрин Сотудехке чыккан жаңы сот өкүмүн «эң ырайымсыз жаза» деп баалады.
12-мартта Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Роберт Палладино «Иран режиминин Сотудехти 38 жылга түрмөгө кесип, 148 балак урган өкүмүн уккандан бери кыжырыбыз келип турат» деп билдирди. Ал «мындай жаза эң ырайымсыз» деп кошумчалады.
Ал ортодо Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Жавад Рехман Тегеранды адам укуктарын коргоочуларга, адвокаттарга жана профсоюздарга «кысымды» күчөткөнү үчүн сындады.
Түрмөдө беш жылдык мөөнөтүн өтөп жаткан Сотудехке дагы 10 жылдык жаза кошулганын анын күйөөсү Резан Хандан маалымдаган.
Хандан «France Presse» маалымат агенттигине 12-мартта билдиргендей, анын аялына чегерилген 10 жылдык жаза жети өкүмдүн ичинен эң узагы болду. Укук коргоочунун буга чейинки беш жылдык мөөнөтүн жана жаңы чегерилген жети жазаны кошкондо жалпысынан 38 жылга өкүм чыкты.
Хандан абактагы аялы жазалардын «эң узунун» өтөй турганын тактады. Ал Сотудех сотко жоолук салынбай келгени үчүн 148 балак урулганын кошумчалады.
Сотудехтин адвокаты Махмуд Бехзади-Рад соттун өкүмү алардын катышуусуз эле чыгып калганын айтты.
Насрин Сотудех өзүнө тагылган айыптын баарын четке каккан.
2012-жылы Европарламент Сахаров атындагы «Ой эркиндиги» сыйлыгын ирандык кинорежиссер Жафар Панахиге жана адвокат Насрин Сотудехке ыйгарган.
Сотудех 2010-жылы «өлкө коопсуздугуна коркунуч жаратты» деп айыпталып, 11 жылга кесилген. Сот ошондой эле ага «20 жыл адвокаттык кесипти аркалабасын» деген өкүм чыгарган. Бирок кийинчерээк жаза мөөнөтү алты жылга кыскартылып, 10 жылдан кийин адвокаттык ишмердигин улантууга уруксат берилген.