Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:42

Европарламент Түркияны кошуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жылдырды


Түркия менен Евробиримдиктин желектери.
Түркия менен Евробиримдиктин желектери.

Түркия Европарламенттин Анкара менен сүйлөшүүлөрүн белгисиз мөөнөткө жылдыруу тууралуу резолюциясын сындап, аны «бир тараптуу кадам» деп атады.

Адам укуктары жана мыйзам бузулуп жатканын жүйө келтирген Европарламенттин депутаттарынын 370и Түркияны биримдикке мүчө кылып киргизүү жараянын токтотуп туруу үчүн добуш берди. Ага 109 депутат каршы чыкса, 143 депутат арабөк калды.

«Эмне үчүн айыпталганын билбестен 17 ай абакта отуруу Түркиянын бүгүнкү жүзүн чагылдырат», - деди Нидерланддын Европарламенттеги өкүлү Кати Пири.

13-мартта Анкара Евробиримдикке мүчө болуу Түркиянын негизги максаты бойдон калганын баса белгиледи. Түрк тарап адам укуктарын сактоого жана сот реформасын жүзөгө ашырууга дилгир экенин билдирди.

Түркия Евробиримдикке мүчө болуп кирүүгө 20 жылдан бери аракеттенип келет. (KR)

XS
SM
MD
LG