Жогорку Кеңеш бүгүн 14-мартта жалпы жыйынында тийиштүү жетекчилерди чакырып, чек арадагы абал тууралуу маалыматын укмай болду. Мындан тышкары, кийинки жумада ушул эле маселени комитеттерде кароо тууралуу чечим кабыл алынды.
13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Чырды эки өлкөнүн чек арачылары келип токтотушкан.
Жаңжалдан алты кыргыз жараны жабыркады. «Азаттыктын» тажик кызматы Тажикстандын 43 жаштагы жараны көз жумганын кабарлады. (RK)