Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 11:07

УКМК: Сирияда жалданып согушкан кыргызстандык кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык террордук уюмга жалданып, Сириядагы куралдуу жаңжалдарга кызуу катышып келген кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, кармалган жаран Ош облусунун тургуну, буга чейин издөөдө жүргөн. Ал 2015-жылы КМШ өлкөлөрүнүн бирине эмгектенүүгө кетип, террордук уюмдун эмиссарларынын көзөмөлүнө түшкөн. Ошондон кийин Сирия өкмөтүнө каршы «жихадга» катышуу максатында Түркияга жана андан нары Сирияга кеткен.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс боюнча) 375-беренеси («Жалданмачылык») менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. (ErN)

XS
SM
MD
LG