Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:26

Парламент чек арадагы абалды жабык талкууламай болду


Жогорку Кеңеш. Иллюстрациялык сүрөт.
Жогорку Кеңеш. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин 14-марттагы жыйынында өкмөттүн парламенттеги өкүлүнүн орун басары Алмазбек Абытов кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жабык кароону сунуш кылды.

Төрага Дастан Жумабеков муну добушка коюп, жыйынга катышкан 75 депутаттын баары колдоду. Натыйжада жыйындан массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чыгарылды.

Маалыматты биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бере турган болду.

Эртең менен депутаттар жалпы жыйынында тийиштүү жетекчилерди чакырып, чек арадагы абал тууралуу маалыматын угууну сунуш кылышкан. Мындан тышкары кийинки жумада ушул эле маселени комитеттерде кароо жннд чечим кабыл алынды.

13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Чырды эки өлкөнүн чек арачылары келип токтотушкан.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 14-мартта билдирүү таратып, Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирди.

Жаңжалдан алты кыргыз жараны жабыркаганы кабарланып жатат. «Азаттыктын» тажик кызматы Тажикстандын 43 жаштагы жараны көз жумганын билдирди. (ErN)

XS
SM
MD
LG