Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 00:18

Иранда газ түтүгү жарылып, төрт кишинин өмүрү кыйылды  


Иран. 14-март, 2019-жыл.

Ирандын Хузестан провинциясында газ түтүгү жарылып, кеминде төрт кишинин өмүрүн алды. Алардын бири бала, бири аял киши. Дагы беш адам ар кандай жаракаттарды алганы айтылды.

Өлкөнүн «Фарс» агенттигинин 14-марттагы маалыматында Перс булуңуна жакын жайгашкан Ахваз провинциясы менен Масшахр шаарынын ортосундагы газ түтүгү жарылганы айтылат. Жарылууда автобус, жүк ташуучу машине жана жеңил автоунаа өрттөнгөнү кабарланды.

Ирандын инфраструктурасы эскиргени менен бийлик аны көп жылдан бери иштетип келет. Өлкөдө коопсуздук чаралары сакталбай турганы айтылып жүрөт.

2018-жылы августта Тегерандын спорт комплексинде газ жарылганда кеминде үч жумушчу каза тапкан.

XS
SM
MD
LG