Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 04:31

АКШнын отчетуна «саясий негизде» камакка алынгандар тууралуу маалымат кирди


Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаев.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин дүйнөдөгү адам укуктары боюнча 13-мартта жарыялаган отчетунда Кыргызстанда «саясий негизде» камакка алынгандар тууралуу да маалымат айтылган.

Анда укук коргоочулар камактагы мурдагы депутаттар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровду саясий негизде камакта жатат деп эсептешери белгиленет. Ошондой эле мурдагы эки премьер-министр Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиевди камакка алуунун айрым саясий өңүтү бар деп санашаары жазылган.

Кыргызстандагы «Саясий туткундарды коргоо комитетинин» маалыматына караганда, ушу тапта саясий негизде куугунтукталган деп эсептелген жарандардын саны 30га чукул. Өткөн жумаларда аталган комитет бул тизмеге киргизген саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Бекболот Талгарбеков мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө эркиндикке чыккан.

Ал эми Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаров учурда түрмөдө. Алардын иши быйыл январда күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык апрелде кайра карала турганы кабарланган.

АКШнын Мамлекеттик департаменти 1977-жылдан бери жыл сайын дүйнөдөгү адам укуктарынын абалына арналган баяндамасын чыгарып турат.​

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG