Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:46

Малавиде суу ташкындын курмандыктары көбөйүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түштүк Африкадагы Малави республикасында суу каптоодон каза болгондордун саны 56 кишиге жетти. Суу ташкынга байланыштуу
өлкөдө чукул кырдаал жарыяланды.

Соңку бир жума ичинде 83 миңден ашык киши үйлөрүн таштап, коопсуз жерлерге көчүүгө аргасыз болушту.

Нөшөрлөгөн жаан-чачындан дарыялар ташкындап, бүтүндөй айылдар суу астында калды. Электр энергия, суу системалары иштен чыкканы кабарланууда.

Африканын түштүгүнө тропикалык циклон жакындап келаткандыктан, кырдаал мындан да оорлошот деп күтүлүүдө. Метеорологдор Мозамбик, Малави, андан кийин Зимбабве нөшөр жаанга жана катуу шамалга туш болушат деп эскертишти.

XS
SM
MD
LG