Чатакка Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын нааразылык билдиргени себеп болгон жана кыргызстандык 50дөй, тажик тараптан 70тей тургун келип, бири-бирине таш ыргыткан. Чырды эки өлкөнүн чек арачылары келип токтотушкан.
Баткен: чек арадагы кырдаалдын көрүнүшү
13-март күнү саат 15:30дар чамасында Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан.
1
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 14-марттагы расмий билдирүүсүндө жаңжалдан Таш-Тумшук участогунда бир үй, «Аudi» үлгүсүндөгү бир автоунаа, КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын бир чиркегичи өрттөнгөнүн кабарлады.
2
13-мартта мылтыктын огунан 43 жаштагы Хусейн Хакимов аттуу тажикстандык жаран мерт болгон. 14-мартта кыргыз-тажик чек арасында Рафоуддин Тешаев аттуу дагы бир тажик жараны каза тапты.
3
14-мартта Баткен облусунун Ак-Сай айылында ок атылып, анда жарадар болгон адам Баткен облустук бириккен клиникалык ооруканасына жаткырылды. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасында ок тийген адам милиция кызматкери экенин ырастаган билдирүү таратты.
5
Жаңжал чыккан участкалардагы абалды чек арачылар жана милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турат. Мурдараак Көк-Таш айылында жолдо чогулгандар көбөйүп бараткандыктан бир нече милиция кызматкери Ош-Исфана автожолун тосуп койгон.
6
Мамлекеттик чек ара кызматы абал курчуп кеткенин ырастап, эки тараптын чек ара кызматы эскертүү катары окторду асманга атып жатканын кабарлаган.
7
14-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арадагы абалды талкуулады.