Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:51

Баткендин Ак-Сай айылынан аялдар менен балдар чыгарылууда


Ак-Сайдан келгендер.
Ак-Сайдан келгендер.

Кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Ак-Сай айылынан аялдар менен балдар коопсуз айылдарга чыгарылууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» облустагы кабарчысы Жеңиш Айдаров маалымдады.

Жергиликтүү тургундар өздөрүнүн жеке автоунаалары менен айылдагы аялдарды жана балдарды башка коопсуз айылдардагы туугандарына ташып жатышат.

Алгач эки тараптуу жаңжал дал ушул Ак-Сай айылынан башталган. Анда Тажикстан менен Кыргызстандын жарандары бири-бирине таш ыргыта баштаган.

Эки тажик жараны октон каза тапканы айтылууда. Буга чейин Кыргызстандын жарандары да оор жаракаттар менен ооруканаларга жеткирилген.

Азыркы учурда айылдын коопсуздугун милиция кызматкерлери көзөмөлдөөдө, ал эми абалга Мамлекеттик чек ара кызматынын аскерлери көз салууда. (KR)

XS
SM
MD
LG