Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:25

БУУ Орусия барымтага алган моряктарды «туткун» деп тааныды


Керч кысыгы.
Керч кысыгы.

Орусия аннексиялаган Крымдын жээгинде орусиялык чек арачылар барымтага алган украиналык моряктар «аскердик туткун» деп таанылды. Бул тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгынын баяндамасында айтылат.

Уюмдун маалыматына караганда, кармалган моряктар Женева конвенциясына ылайык коргоого алынат жана сот алар тууралуу башка чечим чыгармайынча «аскердик туткун»​ макамына ээ болот. Мындай макамга ылайык, моряктарга кысым көрсөтүүгө, коркутууга тыюу салынат. Керектүү учурда аларга медициналык жардам көрсөтүлүшү керек.

Украинанын 24 морягы түшкөн үч кеме 2018-жылдын 25-ноябрында Одессадагы порттон чыгып Мариуполь шаарына баратканда Керч кысыгында кармалган. Крымды өзүнө каратып алгандан кийин Орусия бул кысыкты өз аймагы катары көрөт.

Ал эми Киев жана дүйнөлүк коомчулук Крымга Орусиянын ээлигин тааныбайт.

XS
SM
MD
LG