Кыргыз-тажик чек арасындагы жол ачыла элек. Бул тууралуу «Азаттыкка» Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев кабарлады:
- Учурда кырдаал бир аз жакшыраак деп айтсак болот, бирок Кыргызстан тараптан да, Тажикстан тараптан да жол жабык болуп турат. Эки тараптын жарандары азыркы учурда өз айылдарында турушат. Акыркы чыр-чатак кечээ саат 16:00дө болгон. Андан бери түн тынч өттү. Учурда ал жакта вице-премьер-министр Разаков, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, Ички иштер министрлигинин тобу иштеп жатышат.
Кечээ, 14-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арадагы абалды талкуулаган.
13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. (KR)