Линктер

ишемби, 23-март, 2019 Бишкек убактысы 16:27

УКМК: Террордук уюмдун мүчөсү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык террордук уюмга кошулуп кеткен Кыргызстандын Баткен облусунун тургуну (С.К.) кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Такталгандай, кармалган адам КМШ өлкөлөрүнүн биринде эмгектенип жүрүп социалдык тармактар аркылуу террордук эммисарлардын таасирине кабылып, алгачкы жоокердик даярдыктан өткөн. Уюмдун башчыларына ант берип, Сириядагы террордук бандиттик түзүлүштөргө кошулуу максатында «жихадга» катышкан. Ал жакта жалданма топтун катарында болгон.

Колго түшкөн жаранга карата Жазык кодексинин 243-беренеси («Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерге катышуусу же террордук даярдыктан өтүшү») жана 395-беренеси («Жалданмачылык») менен кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иштери тергелүүдө.

Ал УКМКнын Убактылуу кармоочу жайына камалды. Тергөө жүрүп жатат. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG