Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:28

Кытай Кыргызстанга убада берген грант качан бөлүнөрү азырынча белгисиз


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай Кыргызстанга убада берген 100 миллион доллар качан бөлүнөрү азырынча белгисиз. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова билдирди:

- Кытай тараптын, биздики сыяктуу эле, айрым бир убакытты талап кылуучу процедуралары бар. Андыктан бул гранттык долбоорлор ишке ашышы үчүн убакыт керек. Кайсы бир датаны так айтуу азырынча кыйын. Ишке ашыруу датасы мамлекеттик тиешелүү ички процедуралардын аякташына жараша болот.

Кытай Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүгө, таза суу менен камсыз кылууга 100 миллион доллар бөлөрү 2018-жылы июнь айында мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун Бээжиндеги сапарынын учурунда айтылган. Кыргызстан аймактарды өнүктүрүү багытында жалпысынан 48 долбоор сунуш кылган.

Расмий маалымат боюнча, Кытайдан Кыргызстанга келчү инвестициянын көлөмү кийинки жылдары эки эсе азайды. 2017-жылы 300 миллион доллардын тегерегинде каражат келсе, 2018-жылы бул сумма 100 миллион доллар болгон.

Мындай көрүнүштү айрым адистер Кыргызстанда Кытайга карата терс маанайдын күчөшү жана кытайлык ТВЕА компаниясына козголгон кылмыш иштери менен байланыштырууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG