Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:39

Аффинаж заводунан алтын жоголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Кыргызалтын» ишканасынын аффинаж заводунан табылган алтын боюнча сотко чейинки териштирүү башталды.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2018-жылдын сентябрь айында заводдо тактоо иштери жүрүп жатканда имараттардын биринен желим баштыкка оролгон, салмагы 1632,1 граммдык сары түстөгү металл табылган. Бирок технологиялык иштетүүгө жөнөтүлгөндө анын салмагы 1611,2 грамм, башкача айтканда, дээрлик 21 граммга кем жазылган.

«Ишкананын жетекчилиги кызматтык териштирүү гана жүргүзүп, окуяга юридикалык баа бериш үчүн материалдарды укук коргоо органдарына жөнөтпөй койгон» деп билдирди башкы көзөмөл органы.

Башкы прокуратура тиешелүү материалдарды өзү чогултуп, бул фактыны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттатты. Териштирүү Жазык кодексинин «Уурулук аракети» жана «Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренелеринин негизинде жүргүзүлөт. (RK)

XS
SM
MD
LG