Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

Ташиев: Чек арадагы жаңжалды сабырдуулук менен чечели


Камчыбек Ташиев Баткендин тургундары менен жолугушуу учуру. 15-март, 2019-жыл.
Камчыбек Ташиев Баткендин тургундары менен жолугушуу учуру. 15-март, 2019-жыл.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун тургундары менен жолугушуп, кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар боюнча ойлорун айтты.

Экс-депутаттын тарапташтары саясатчынын социалдык баракчасына койгон видеодо Камчыбек Ташиев жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды.

«Жакшылык менен ушул маселени чечишибиз керек. Бирок ошол эле мезгилде оор болсо дагы, кыйын болсо дагы сабырдуулук кылып турушубуз керек. Жаштарды кызуу кандуулукка алдырбоого чакырам. Эгер мамлекеттин ичиндеги маселе болгондо, мен башкача айтат элем», - деди ал.

Камчыбек Ташиев 14-мартта «Фейсбуктагы» баракчасында «бийлик мурдагыларга окшоп эле эч нерсе чече албайт» деп билдирүү жасаган. Сөзүн «Азаттыкка» ырастаган саясатчы өзү Баткендеги жаңжал чыккан аймакка жөнөгөнүн кабарлаган.

Аймакта вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Жогорку Кеңештин депутаттары да жүрөт.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 13-мартта чыгып, 14-мартта да уланды. Андан кыргыз тараптан үч адамга ок тийди, тажик тарапта эки адам өлүп, бир нече киши жарадар болгону кабарланды. (ErN)

Толук: Ак-Сайдагы чек ара чырынын себептери

XS
SM
MD
LG