Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Түндүк Корея: АКШ «алтын мүмкүнчүлүктү» өткөрүп жиберди


Ким Чен Ын менен Дональд Трамп Ханойдогу жолугушуу учурунда.
Ким Чен Ын менен Дональд Трамп Ханойдогу жолугушуу учурунда.

Түндүк Корея жапырт кыргын салуучу куралдан арылуу боюнча АКШ менен мындан аркы сүйлөшүүнү токтотушу ыктымал. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Цой Сон Хи Пхеньяндагы басма сөз жыйынында билдиргенин бир катар эл аралык маалымат каражаттары, орусиялык ТАСС агенттиги кабарлоодо.

«АКШ бул ирет «алтын мүмкүнчүлүктү» өткөрүп жиберди», - деген Цой Ханойдо саммитти эске алып. 27-28-февралда өткөн экинчи жолугушууда АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлери келишимге жетише алган эмес.

Түндүк кореялык аткаминер саммитте «душмандык жана ишенбестик жагдайын жараткан» деп америкалык мамлекеттик катчы Майк Помпео менен президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтонду айыптады.

Жакында өлкө лидери Ким Чен Ын расмий кайрылуу таратып, мындан аркы аракеттер тууралуу чечимин жарыяларын белгиледи.

Кошмо Штаттардын бийлиги азырынча буга жооп бере элек.

Экинчи саммиттен майнап чыкпай калганын АКШ президенти Дональд Трамп Пхеньяндын адегенде америкалык санкцияларды толук алып салуу талабы менен түшүндүргөн. АКШ Улуттар Уюмунун жана өзүнүн санкциялары Пхеньян өзөктүк куралдан толук жана биротоло арылганы текшерүү аркылуу аныкталганда гана жоюлушу керек деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG