Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:04

Кыргызстандык тигүүчүлөр Collection Première Moscow көргөзмөсүнө катышты


Көргөзмөнүн катышуучулары.
Көргөзмөнүн катышуучулары.

Кыргызстандагы кийим тиккен ири 10 ишкана Москвада «СРМ-Collection Première Moscow» эл аралык көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Кыргыз Республикасында соода-сатыкты илгерилетүү” программасынын басма сөз кызматы кабарлады.

СРМ – Орусиянын жана Чыгыш Европанын мода индустриясындагы орчундуу иш-чаралардын бири.

Кыргызстандыктар быйыл ага экинчи жыл катышып, «Bermet», «BelMaRo», «Evelen», «Larisa-Fashion», «Credo», «Inesse», «Mona Liza», «Toolai», «Rula» жана «Disorelle» бренддеринин продукциясы көрсөтүлдү.

“Кыргызстан” деп аталган стенд 49,5 чарчы метр аянтты ээледи.

«BelMaRo» компаниясынын жетекчиси Анастасия Бельц мындай деңгээлдеги иш-чарага алгач катышканын, продукциясын көрсөтүп, келишимдерге кол коюп, жаңы өнөктөштөрдү таба алганын айтууда.

“Кыргыз Республикасында соода-сатыкты илгерилетүү” программасын Швейцария өкмөтү каржылайт. Максаты – тигүү ишканаларынын экспорттук дареметин бекемдеп, атаандаштыкка туруктуулугун камсыз кылуу, соода жана инвестиция институттарын калыптандыруу.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандын тигүү тармагынын товарларынын 90% Орусияга экспорттолот. Цехтерде жана фабрикаларда 160 миң адам эмгектенет, алардын 90% кыз-келиндер. (RK)

XS
SM
MD
LG