Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

Жээнбеков Кыргызстандын экономикасынын негизги багыттарын атады


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков 15-мартта Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү ардактуу консулдары менен жолугушту.

Президенттик аппарат кабарлагандай, анда мамлекет башчы аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү, коррупцияга каршы күрөш, соттук-укуктук реформага байланыштуу өлкөнүн бардык тармактарындагы реформаларды ишке ашыруунун алкагында Кыргызстанда болуп жаткан жаңылануу жана өзгөрүү тууралуу айтып берди. Ал ишкерлик үчүн шарттарды жакшыртуу жана жагымдуу инвестициялык жагдай түзүү үчүн бардык чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу багыттары энергетика, транспорт, таза суу менен камсыз кылуу, ирригация, маалыматтык технологиялар, туризм, айыл чарба, өндүрүмдү экспорттоо экенин дагы бир жолу эске салып, ардактуу консулдардын көңүлүн «экономикалык дипломатия» жаатында ишти күчөтүүгө бурду.

Жолугушууда бир катар ардактуу консулдар сөз сүйлөп, бардык багыттар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып беришти.

14-мартта президент элчилерди кабыл алган. Ага 27 мамлекеттеги элчи жана ири шаарлардагы башкы консулдар менен бирге 34 дипломатиялык мекеменин башчылары катышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG