Линктер

жума, 19-июль, 2019 Бишкек убактысы 20:29

Бишкектин жакасында чыккан өрт толук өчүрүлдү


Бишкек шаарындагы өрттөнүп кеткен жер. 15-март, 2019-жыл.

Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылынын Фрунзе көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Өрттүн кесепетинен 3 турак үй (болжол менен 420 чарчы метр), бир оор жүк ташуучу автоунаа, бир контейнер күйгөн. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок. Өрттүн себеби такталууда.

Мекеме, өрт чыккан жер Бишкек шаары Ленин районуна эмес, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу экенин тактады.

Кеп болуп жаткан жердеги өрт 15-мартта болжол менен саат 12:00 чыкканы кабарланган. (ErN)

XS
SM
MD
LG