Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Киевде Немцов атындагы гүлбак ачылды


Киевдин мэри Виталий Кличко гүлбактын ачылыш аземи учурунда. 15-март, 2019-жыл.
Киевдин мэри Виталий Кличко гүлбактын ачылыш аземи учурунда. 15-март, 2019-жыл.

Украина борборундагы Орусия элчилигинин жанында маркум саясатчы, Кремлдин келишкис сынчысы Борис Немцовдун атындагы гүлбак расмий ачылды.

Аземге Киевдин мэри Виталий Кличко, Жогорку Раданын депутаттары, Немцов атындагы фонддун жетекчиси Владимир Кара-Мурза кичүүсү жана саясатчынын кызы Жанна Немцова катышты.

Тийиштүү чечимди шаардык кеңеш өткөн жылдын ноябрында кабыл алган. Гүлбакта маркум саясатчынын элесине арналган мемориалдык такта орнотулду. Анда Немцовдун Орусиянын демократиялык өлкөгө айланышы үчүн күрөшкөнү, Украинанын көз карандысыздыгы менен Европага умтулганын колдогону жазылган.

Борис Немцов 2015-жылдын 27-февралында Кремлдин жанында атылган. Кылмыш боюнча беш адам соттолгон. Ошол эле маалда тергөө буйрук бергендерди таба алган эмес.

Ушу тапта АКШда, Литвада орусиялык расмий өкүлчүлүктөрдүн жанындагы аянтка, гүлбакка Немцовдун аты коюлган.

XS
SM
MD
LG