Линктер

ишемби, 23-март, 2019 Бишкек убактысы 01:17

Жаңы Зеландияда мечиттеги чабуулдан кийин төрт адам кармалды


Крайстчерч шаарындагы «Аль-Нур» мечити.

Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы эки мечитке чабуул жасагандарга айып тагылды. Бул тууралуу өлкөнүн полициясынын башчысы Майк Буш кабарлады. 49 адамдын өмүрүн алган теракт боюнча жалпысынан төрт адам кармалды. Алардын бири 28 жаштагы австралиялык Брентон Таррант аттуу адам экени кабарланды. Ал Интернетке мигранттарга каршы манифест жарыялап, андан соң мечитке кол салганын түз эфирде көрсөткөн.

15-мартта Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы «Аль-Нур» жана «Линвуд» мечиттеринде жума намаз окулуп жатканда автоматчан адамдар ок жаадырып кирип барышкан. Бул учурда мечитте 300 адам болгон.

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн калабаны «өлкө тарыхындагы эң ири каран күн», «теракт» деп атады. Дүйнөнүн лидерлери чабуулду айыптаган билдирүүлөрдү таратууда.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG