Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:55

Баткен: чек арадагы жаңжал боюнча сүйлөшүүнүн экинчи айлампасы башталды


Жеңиш Разаков жана Азим Иброхим баштаган кыргыз-тажик делегацияларынын сүйлөшүүсү. Баткен, Кыргызстан. 14-март, 2019-жыл.
Жеңиш Разаков жана Азим Иброхим баштаган кыргыз-тажик делегацияларынын сүйлөшүүсү. Баткен, Кыргызстан. 14-март, 2019-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы өтүп жатат. “Азаттыктын” Баткендеги кабарчылары билдиришкендей, жолугушуу алкагында Кыргызстан жана Тажикстандын транспорт жана жолдор министрлеринин өкүлдөрү сүйлөшүп жатат. Алар чырдын чыгышына себеп болгон Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун талкуулашууда.

Учурда жаңжалдан кийин тажик жарандары тосуп алган Ош-Баткен-Исфана жолу жана кыргызстандыктар бууган Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жол жабык турат. Сүйлөшүүдө ушул жолдорду ачуу маселеси да каралат.

Сүйлөшүүнү эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери Жеңиш Разаков менен Азим Иброгим жетектеп жатат.

Жума күнү өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны эки өлкөнүн өкүлдөрүнөн турган тергөө топтору иликтеши керек деген чечимге келишкен.(BkA/MdN/JsA)

XS
SM
MD
LG