Линктер

ишемби, 23-март, 2019 Бишкек убактысы 01:08

Дерипаска АКШнын Финансы министрлигин сотко берди


Олег Дерипаска

Орусиялык миллиардер Олег Дерипаска АКШнын Финансы министрлиги жана бул мекеменин башчысы Стивен Мнучинди сотко берди. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы өз булактарына таянуу менен жазып чыкты. Маалыматка ылайык, орус бизнесменинин арызы Колумбия округунун федералдык сотуна жөнөтүлгөн. Анда Дерипаска өзүнө салынган америкалык санкцияларды жокко чыгарууну өтүнүүдө.

Миллиардер 2016-жылдагы АКШдагы президенттик шайлоого байланыштуу "ички саясий чырдын курмандыгы” болгонун белгилеп, ага карата санкция мыйзамсыз салынды деп айтууда.

Дерипаска Американын мамлекеттик органдары аны “олигарх” деп атабасын деген талап коюуда.

АКШнын Финансы министрлиги орус миллиардеринин арызы боюнча комментарий бере элек.

Кошмо Штаттардын бийлиги Олег Дерипаска, Виктор Вексельберг баш болгон орусиялык бизнесмендер жана алардын компанияларына 2018-жылдын апрелинде санкция салган. Мындай чечим “Американын каршылаштарына карата чара көрүү” мыйзамына ылайык кабыл алынган.

2019-жылдын башында орус миллиардери “Русал” жана “En+” деп аталган компанияларынын контролдук пакетинен баш тартуу менен бул ишканаларды санкциялар тизмесинен чыгарган. Бирок өзүнө карата санкция күчүндө турат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG