Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:31

АКШ жана Канада орусиялыктарга карата кошумча санкция киргизди


Керч кысыгындагы жаңжалга жана Крымды аннексиялап алууга байланыштуу АКШ жана Канада Орусияга киргизген санкцияларын кеңейтти. Бул тууралуу аталган өлкөлөрдүн бийлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, АКШнын жаңы санкцияларына алты адам жана сегиз компания кирген. Анда Федералдык коопсуздук кызматынын Руслан Ромашкин, Андрей Шеин аттуу кызматкерлери, контр-адмирал Сергей Станкевич сыяктуу адамдар эми Кошмо Штаттарга кирүүгө тыюу салынды.

Ал эми Канада 24 орусиялыкты санкциялык тизмеге киргизди. Алардын арасында Орусиянын Улуттук Гвардиясынын башчысы Виктор Золотов, “Роснефттин” жтекчиси Игорь Сечин, ВТБ банкынын президенти Андрей Костин жана “Орусия Темир жолдору” мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси Владимир Якунин бар.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул санкцияларды комментарийлеп, сөзсүз түрдө жооп катары чара көрүлөрүн убада кылды.

2018-жылдын 25-ноябрында Украинанын аскер кемелери Кара деңиздеги Керч кысыгына жакындаганда аларды орусиялык чек арачылар тосуп, ок аткан. Натыйжада украиналык экипаждын 24 мүчөсү, арасында бир нече жарадарлар кармалган. Орусиянын абагында отурган моряктарды 14-мартта Бириккен Улуттар Уюму «аскер туткундары» деп тааныды.

Федералдык коопсуздук кызматы «украиндер убактылуу жабык аймакка кирип, Орусиянын чек арасын бузган» деп түшүндүргөн. Киев Керч кысыгы эл аралык макамга ээ экенин билдирип, ал аркылуу каттоого Орусия тоскоолдук жаратып жатканын айыптап келет.

Евробиримдик, НАТО жана АКШ Москваны кысыктан өтүү эркиндигин калыбына келтирүүгө жана украин кемелерин кайтарууга чакырып келет.

XS
SM
MD
LG