Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:29

Жээнбеков “Ата Бейиттеги” ишембиликке катышты


Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган президенттик аппараттын кызматкерлери “Ата Бейит” мемориалдык комплексиндеги ишембиликке катышты.

Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты. Ишембилик алкагында комплекстин аянты тазаланып, көчөт отургузулду.

Бүгүн Кыргызстанда жалпы республикалык ишембилик өтүп жатат. Анын алкагында өлкөдөгү жарандар, мекеме, ишканалардын кызматкерлери калктуу конуштардын көчөлөрүн тазалап, бак тикти. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектеги Жеңиш паркында, ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары Эркиндик булварын тазалоого катышты.

Кыргызстанда 1-марттан тарта 31-майга чейин жалпы өлкө боюнча үч айлык ишембилик өнөктүгү жарыялаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG