Жаңы Зеландиянын бийлиги өлкөдө курал-жарак колдонууга талапты жогорулатууну убада кылууда. Мындай чечим 15-мартта Крайстчерч шаарындагы мечиттерге кол салуудан кийин кабыл алына турган болду. "The Guardian" басылмасы бул өлкөдө аскер үлгүсүндөгү мылтыктарды сатып алууга тыюу салынышы мүмкүн экенин жазды.
15-мартта Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы «Аль-Нур» жана «Линвуд» мечиттеринде жума намаз окулуп жатканда автоматчандар ок жаадырып кирип барышкан. Бул учурда мечитте 300 адам болгон.
49 адамдын өмүрүн алган теракт боюнча жалпысынан төрт адам кармалды. Алардын бири 28 жаштагы австралиялык Брентон Таррант аттуу адам экени кабарланды. Ал Интернетке мигранттарга каршы манифест жарыялап, андан соң мечитке кол салганын түз эфирде көрсөткөн.