Мурдагы президент Аскар Акаевдин бийлигине нааразы болуп чыгып, ок атуудан алты адамдын өмүрү кыйылган Аксы окуясына 17 жыл толду. Бул күнгө карата Аксы районунда жана Бишкек шаарында эскерүү иш-чаралары өткөнү жатат.
Аксы районундагы иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышат. Эскерүү Боспиек айылында өтөт.
Бишкектеги иш-чараны мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын тарапкерлери уюштурганы жатат. Бул эскерүү КСДПнын штабы орун алган "Форум" ишканасынын алдында өтөт. Буга чейин КСДПнын өкүлдөрү бийлик бул иш-чараны өткөрүүгө тоскоолдук кылып жатканын айтып чыгышкан.
2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты адам каза тапкан. Анда ошол кезде камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө талаптары коюлган болчу.
Бул окуянын чоо-жайын учурунда өкмөттүк, парламенттик, аларга удаа коомдук комиссиялар иликтеп, жыйынтыктарын чыгарышкан. Аскар Акаевдин бийлигинин тушунда негизги күнөө жергиликтүү бийлик жетекчилеринде экени белгиленип, алардын айрымдары сот жообуна тартылышкан. Бирок алардын баарына көп өтпөй мунапыс берилген.
Кийинки президент Курманбек Бакиевдин тушунда да Аксы окуясы боюнча иш кайра козголуп, бирок Жогорку сот Аксы окуясы боюнча кайра тергөөнүн зарылдыгы жок деген чечим чыгарган.(BkA)