Линктер

ишемби, 23-март, 2019 Бишкек убактысы 00:58

Көкбөрү: "Бакубат Талас" командасы "Ынтымакка" утулду


Бишкектеги "Аккула" ат майданында башталган "Нооруз-2019" көкбөрү турниринде алгачкы беттеш "Ынтымак" жана "Бакубат Талас" командалары арасында өттү. Бул оюнда Кыргызстандын азыркы чемпиону "Ынтымак" командасы Таластан келген экинчи команданы утуп алды.

Беттештин жалпы жыйынтыгы 11:2 болуп, азыркы чемпиондордун жеңиши менен аяктады. Учурда жогорку лиганын алкагында "Четинди" жана "Көк Жал" командаларынын оюну башталды. Бул эки команда тең Чүй облусунан түзүлгөн.

"Нооруз-2019" турниринин финалдык оюндары 21-мартта өтөт. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG