Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

Серб президенти оппозицияны «бейбаштар» деп атады


Президенттик сарайдын алдына чогулгандар. Белград, 17-март, 2019-жыл.
Президенттик сарайдын алдына чогулгандар. Белград, 17-март, 2019-жыл.

Серб оппозициясынын соңку жүрүштөрүнөн кийин президент Александр Вучич өлкөдө тартипти коргоого убада берди. Ал жекшемби күнү Белграддагы президенттик имаратта өткөргөн басма сөз жыйынында митингчилерден коркпой турганын айтып, аларды «фашисттер», «бейбаштар» жана «уурулар» деп атады.

​«Сербия зордук-зомбулук менен коштолгон опузага жол бербейт. Бейбаштык, зомбулук жана адамдарга кол салуу менен саясий максатка жетем дегендер болсо, алар жаңылышат», - деди Вучич.

Ал сүйлөп жатканда президенттик имараттын сыртында миңдеген демонстранттар Вучичти бийликтен кетүүгө чакырып жатышты.

Ишемби күнү ондогон демонстранттар мамлекеттик телеканалдын имаратын ээлеп алышкан. Айрым оппозиция лидерлери өздөрүнө эфирден убакыт берилишин талап кылышкан. Полиция алардын айрымдарын кармап, көпчүлүгүн күч менен имараттан сүйрөп чыгарган.

Жекшембидеги демонстрациялар оппозиция лидерлеринин бийликке кармалгандарды 18-мартта күндүзгү саат үчкө чейин бошотуу жөнүндө талап коюшу менен жыйынтыкталды.

Сербияда мындай акциялар дээрлик 14 жумадан бери токтобой келатат. Оппозиция өкүлдөрү президенттин кызматтан кетишинен тышкары маалымат каражаттарынын жана шайлоо жараяндарынын ачык болушун талап кылып жатышат. Апта сайын өтүп туруучу мындай акцияларга ноябрь айында белгисиз адамдар оппозициячыл саясатчыны сабап кеткени себеп болгон.

XS
SM
MD
LG