Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 04:48

Пакистанда темир жолдогу жардыруудан төрт киши мүрт кетти


Белужистан провинциясынын Лоралай районундагы полиция автоунаасы. Иллюстрациялык сүрөт.

17-марттагы жардырууда дагы жети киши жарадар болгонун Пакистандын полициясы кабарлады. Темир жолго коюлган бомба жүргүнчү ташыган поезд өтүп бараткан учурда алыстан жардырылган.

Окуя Белужистан провинциясынын Мурад Жамали аймагында болгон.

Жергиликтүү полиция өкүлү Ирфан Баширдин маалыматы боюнча «Jaffar Express» поезди Равалпин шаарынан Кветтага бараткан.

Азырынча жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким мойнуна ала элек.

Белужистандагы жичкилдер Ооганстан жана Иран менен чектешкен аймактардагы темир жолдорго маал-маалы менен кол салып турушат.

XS
SM
MD
LG