Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:17

Чеченстанда сот Оюб Титиевге өкүм угузат


Укук коргоочу Оюб Титиев Грозныйдагы сотто. 6-март, 2018-жыл.
Укук коргоочу Оюб Титиев Грозныйдагы сотто. 6-март, 2018-жыл.

Чеченстандын Шали шаардык сотуна «Мемориал» укук коргоо борборунун Грозныйдагы бөлүмүнүн башчысы, «баңгизат ташыган» деген айып тагылган Оюб Титиевге бүгүн өкүм угузулат.

Титиев өзүнө коюлган айыпты анын чечен согушунда дайынсыз болгондорду издөө жана кылмышка күнөөлүүлөрдү табуу аракети менен байланыштырат.

Шалти шаарынын прокурору Милана Байтаева сотто укук коргоочуну төрт жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн. 61 жаштагы укук коргоочу, төрт баланын атасы Титиев «баңгизат ташыган» деген кине менен былтыр 9-январда Чеченстанда кармалган. Анын тарапкерлери «иш атайылап уюштурулган» деп эсептешет. Укук коргоочу өзү анын автоунаасына атайылап баңгизат салынганын айтып, коюлган айыптарды четке каккан.

Титиевдин камалышына ондон ашуун эл аралык уюмдар, Батыш мамлекеттеринин жетекчилери тынчсыздануусун билдирип, Кремлди аны бошотууга үндөшкөн.

XS
SM
MD
LG