Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Баткен: Жатаканада жашап жаткан аксайлыктар үйлөрүнө кайтышты (видео)


Үйлөрүнө кайтып жаткан аксайлыктар. 18-март, 2019-жыл.
Үйлөрүнө кайтып жаткан аксайлыктар. 18-март, 2019-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу үйлөрүнөн коопсуз жакка чыгарылган Ак-Сай айылынын 450 тургуну бүгүн кечке жуук үйлөрүнө кайтты. Аларды облустук бийлик автоунаа менен камсыздап, жүктөрү менен кошо үйлөрүнө жетип алышына шарт түзүп берди.

13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тарткан. Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжалда эки тажик жараны өлгөнүн, бир нече адам жабыр тартканын кабарлады. Ал эми кыргыз тараптан үч адамга ок тийген.

Жаңжалдан кийин тажик жарандары Ош-Баткен-Исфана жолун, ал эми кыргызстандыктар Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жолду жаап коюшкан.

Ворух анклавы менен чектеш Ак-Сай айылынын тургундары коопсуз жакка чыгарылып, Баткен шаарындагы №57 лицейдин жатаканасына жана туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырылган. Негизинен алар аялдар, балдар жана кары-картаңдар.

18-мартта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде жабылган жолдор ачылып, чатактын чыгуусуна себеп болгон Ак-Сай - Тамдык жолу курула турган болду. (JsA/ZKo)

Баткен: аксайлыктар үйлөрүнө кайтышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:38 0:00

XS
SM
MD
LG