Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Азербайжанда журналист беш жарым жылга кесилди


Журналист Анар Мамедов, 12-март, 2019-жыл.
Журналист Анар Мамедов, 12-март, 2019-жыл.

18-мартта Баку шаарынын оор кылмыштарды караган соту Criminal.az интернет сайтынын башкы редактору Анар Мамедовду (Маммадов) беш жарым жылга кести. Өкүм күчүнө киргиче айыпталуучуга эки жылдык сыноо мөөнөтү берилди. Бул маалда жазага тартылган журналист жашаган жерин өзгөртүп же бийликтин уруксатысыз өлкөдөн чыга албайт. Кандайдыр бир административдик тартип бузуп же кылмыш жасаса шартуу өкүм дароо эркинен ажыратууга алмашат.

Мамедовго Ганжа шаарынын башчысы Элмар Валиевге кол салууга тиешеси бар, «мамлекетке каршы ачык чакырык жасаган» жана «кызмат абалынан кыянат пайдаланган» деген айып тагылган.

Прокуратуранын маалыматына ылайык, Мамедов «жалган маалымат» таратып, «мыйзамсыз чакырык» жасаган. Прокурорлор Азербайжандын Транспорт жана байланыш, жогорку технологиялар министрликтерине кайрылып, журналисттин макалалары жарыяланган бир катар сайттарга бөгөт коюну өтүнгөн.

Мамедовдун адвокаттары шаардык соттун чечимин арыздана тургандыктарын айтышты. Журналист сот залынан «адилетсиз чечим чыкканын» билдирди.

Былтыр 10-июлда өлкөнүн Бакудан кийинки эле экинчи чоң шаары – Ганжинин мэриясынын алдына 200дөй адам уруксат берилбеген нааразылык акциясына чогулган. Аларды полиция кызматкерлери таратууга аракет кылган учурда Илгар Балакишиев менен Самед Аббасов учтуу куралдан өлтүрүлгөн. Окуядан кийин 40 киши кармалып, полициячылардын өлүмүнө шектүү катары эки адамга издөө жарыяланган.

XS
SM
MD
LG