Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:12

Кыргыз өкмөтүнүн өкүлү Якутияда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугат


Якутск шаарында мигранттарга каршы чыккандар. 17-март, 2019-жыл.
Якутск шаарында мигранттарга каршы чыккандар. 17-март, 2019-жыл.

Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотов Якутияда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушат. Бул тууралуу «Азаттыкка» мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз катчысы Айзат Туратбек кызы билдирди.

Маалыматка караганда, Самат Токтоболотов 19-мартта Якутиянын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен да жолугушат. Мындан тышкары, кыргызстандык мигранттар менен болгон жагымсыз окуя да талкууланмакчы.

Мамлекеттик миграция комитетинин төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов Якутияга 18-мартта учуп кеткен.

Якутиянын Тергөө комитетинин маалыматына караганда, жекшембинин таңында белгисиз үч адам бир аялды зордоп машинеге салган. Тергөөнүн версиясы боюнча 23 жаштагы шектүү «машинени гараж тарапка айдап барып, аялды зордуктаган». Мекеме «Зордуктоо» жана «Адам уурдоо» беренелери менен кылмыш ишин козгоду.

Тергөө комитети шектүүлөрдүн бири кармалып, күнөөсүн мойнуна алганын ырастады. Ал кыргызстандык жаран болуп чыккан.

Бул окуядан соң Якутск шаарынын тургундары нааразылык акциясына чыгышкан. 17-марттын кечинде 200дөй адам борбордук аянтка чогулган. Нааразылар 18-мартта кечинде 5 миңдей адамга ылайыкталган «Триумф» спорткомплексинде чогулушту. Бул жыйынга Якутиянын бийлик өкүлдөрү да келди.

Якутиянын башчысы Айсен Николаев шаардыктарды тынчтыкка жана сабырдуулукка чакырып, «мыйзамсыз миграция менен күрөштү күчөтүүгө» убада берди.(ZKo)

Толук: Якутиядагы кылмыш кыргыздардын убалына калды

XS
SM
MD
LG