Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Якутиядагы кылмыш кыргыздардын убалына калды


Якутияда мигранттарга каршы маанай күчөдү.

Якутск шаарында борбор азиялык мигранттарга каршы митинг 17-марттын кечинде башталган. Шаарда мигрант бир аялды зордуктаганы тууралуу кабар тарагандан кийин жергиликтүү тургундар көчөгө чыга башташкан. Борбордук аянтка 200дөй адам чогулуп, мигранттарга каршы ачуу сөздөр айтылды.

Якутиянын Тергөө комитетинин маалыматы боюнча жекшембиде полицияга 36 жаштагы Оксана аттуу аял кайрылган. Ал 16-мартта түн ичинде үч адам зордоп машинеге салып, белгисиз тарапка алып барып зордуктаганын билдирген. Полиция Якутскидеги автосервистердин биринде таксист болуп иштеген үч адамды кылмышка шектүү катары кармап, алардын бири, 23 жаштагы кыргызстандык жаран өз күнөөсүн мойнуна алганын билдирди.

Буга карабай Якутскиде жергиликтүү элдин нааразылыгы токтобой жатат. Акция уюштуруучулары 18-мартта кечинде 5 миңдей адамга ылайыкталган «Триумф» спорткомплексинде чогулушту. Бул жыйынга Якутиянын бийлик өкүлдөрү да келди.

Расмий органдар жергиликтүү элди улут аралык кастыкты күчөтүүгө багытталган аракеттерден алыс болууга үндөп жатышат.

Якутия: мигранттарга каршы митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:06 0:00

Якутияда миграциялык көзөмөлдү күчөтүп, келгиндер иштеген жайларды жакшылап текшерүүгө убада берген республика башчысы Айсен Николаев жергиликтүү жашоочулардын кызыкчылыктарын коргоо артыкчылыктуу багыт экенине басым жасаган.

«Биз бир улуттун өкүлдөрүнө каршы чыккан жокпуз. Биз мыйзамсыз миграцияга, кылмыштуулукка каршыбыз», деп билдирди ал «Инстаграмдагы» баракчасында.

Ал арада Якутскиде коомдук жайларда борбор азиялык мигранттарды коркутуп, куугунтукка алган видеолор социалдык тармактарда жайылууда. «Азаттыктын» редакциясына да окуядан кийин ур-тепкиге кабылгандар тууралуу кабарлар түшүүдө.

Якутскиде базарда иштеген Жылдыз коркунучка бардык мигранттар кабылганын айтты:

«Мен «Столичный» базарында иштейм. Ал жактагылардын 80 пайызы кыргыздар. Базарда «Кыргызстан» деген кафе бар. «Ошол жерге якуттар келет» деп, баарыбыз ишибизди жаап, таркап кеттик. Мекендештердин «Вотсап», «Одноклассники» социалдык тармактарында жергиликтүү тургундар топтошуп алып, мигранттардын кафелерин, соода жайларын кыдырып, коркутуп жүрүшкөнү тууралуу маалыматтар тарап жатат. Биз көчөгө чыга албай, коопсуздугубуздан коркуп жатабыз».

Шаардагы кыргыз диаспорасынын башчысы Жазбек Бекболиевдин айтымында, Орусиянын Саха Республикасында расмий маалыматка ылайык, 10 миңдей кыргызстандык иштейт.

Диаспора башчысы жергиликтүү элдин мындай кескин нааразылыгына акыркы үч айда мигранттар кириптер болгон чуулгандуу окуялар себеп болуп калганын эске салды:

Жазбек Бекболиев.
Жазбек Бекболиев.

«Үчөө тең кыргыз балдар экен. Чындыгында абал оорлоп кетти. Азыр бизге көчөдө сабалган беш мекендеш тууралуу кабар түштү. Биз мекендештерди көчөгө чыкпай турууга чакырып жатабыз. Бизден да кетти. Жаштарыбыз бир аз акча тапса эле көчөгө чыгып, ичип, ушинтип уят кылып жатышат. Үч айдын ичинде бул экинчи зордуктоо, жакында эле бир кызды бычактаган окуя да болгон. Эл чыдабай кетти. Бизде деле ушундай болмок».

Жазбек Бекболиев бул жолу абал оорлоп кеткенин, мурункудай кечирим суроо менен маселе чечилбей турганын кошумчалады:

«Мурун зордуктоо болгондо кыргыз диаспорасынын атынан элге чыгып, кечирим сурагам. Эми деле кечирим сурамакмын. Бирок администрациядан азырынча токтотуп жатышат. «Абалды жөнгө салалы» деп турушат».

Орусиядагы кыргыз элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө жана шаар туургундары менен жолугушууга Москвадан Якутскиге элчиликтин кызматкерлери жөнөп жатканын кабарлады:

Гүлбарчын Байымбетова.
Гүлбарчын Байымбетова.

«Диаспора өкүлдөрү менен байланыштабыз. Консулдук менен Мамлекеттик миграция кызматынан эки кызматкер бара жатат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, керек болсо эл менен жолугуп, абалды жөнгө салууга аракет кылышат. Якутскинин мэри менен сүйлөшө элекпиз. Биздин кызматкерлер барып, болгон окуянын чоо-жайын такташы керек».

Якутскинин бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, абалды жөнгө салууга Бишкектен Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчи орун басары Самат Токтоболотов да Саха Республикасына жөнөп кеткен.

Якутскиде бул окуядан кийин ур-тепкиге, зомбулукка кабылган жарандар тууралуу маалыматтар азырынча расмий тастыктала элек.

Эки жыл мурун Улан-Удэнин базарында кыргызстандык сатуучу улгайган аялга орой мамиле кылып, кемсинткени үчүн жүздөгөн буряттар көчөгө нааразылык билдирип чыгышкан. Анда кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жергиликтүү калктан бир мекендештин кылыгы үчүн тизелеп кечирим суроого мажбур болушкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG