Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:54

Араванда ишкерди коркутуп акча доолаган жаран кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Шектүү 18-март күнү Араван районунун Анаров айылынын автобекетинде кармалды. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 17-март күнү Араван районунун тургуну, жеке ишкер милицияга кайрылып, бир күн мурда өзүнүн мурда соттолгонун айтып коркутуп, «түрмөгө 20 миң сом акча бересиң» деп сабаганын билдирген.

Арыздын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кылмышка шектүү жабырлануучудан 5000 (беш миң) сом алып жаткан учурда колго түшүрүлгөн. Кылмышка шектүү Кара-Суу районунун тургуну, 35 жаштагы жаран болуп чыкты.

Бул окуя боюнча тийиштүү материалдар топтолуп, Жазык кодексинин 203-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ош облустук милициясы кылмышка шектүүдөн ушундай жагдайда опузага дуушар болгон жарандардан жана жеке ишкерлерден жакынкы ички иштер бөлүмдөрүнө кайрылуусун суранууда. (MdN)

XS
SM
MD
LG