Кыргызстандык 22 компания Мамлекеттик сатып алуу департаментинин «ишеничтен чыккан аткаруучу фирмалардын» тизмесине кирди. Бул тууралуу 19-мартта, Бишкектеги басма сөз жыйынында аталган департаменттин жетекчиси Нурида Байзакова билдирди.
Буга аталган фирмалар өз жумуштарын чала-чарпыт аткарганы жана толук аткарбай койгону тууралуу мамлекеттик органдар даттанганы негиз болгон.
Ишканалардын «кара тизмесине» кирген фирмалар эки жылга чейин мамлекеттик сатып алуу иштерин жүргүзө албайт.
Мамлекеттик сатып алуу департаментинин сайтындагы маалыматтарга ылайык, бул тизмеде учурда 100дөн ашык фирма бар.
Мамлекеттик сатып алуу департаментинин маалыматына ылайык, 2018-жылы жалпысынан 93 млрд. 875 млн. 44 миң сомго 132 849 конкурс жарыяланды. Анын ичинен өткөрүлгөн конкурстардын пландалган суммасы 54 млрд. 111 млн. 260 миң сомду түздү. Бул сумманын ичинен 31 млрд. 613 млн. 488,6 миң сомго келишим түзүлдү. (ErN)