Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:24

Кыргыз делегациясы Якутиянын жергиликтүү бийлиги менен жолукту


Якутияда болгон жолугушуу.
Якутияда болгон жолугушуу.

Якутиядагы окуяга байланыштуу Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотов баш болгон кыргыз делегациясы Якутиянын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушту.

Ага Саха Республикасынын администрациясынын жетекчиси Борисов башында турган жетекчилер катышты.

Анда Якутияда кыргызстандык жаран аралашкан окуя жана учурдагы кырдаал талкууланды. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Саха Республикасынын жергиликтүү бийлиги мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныктоо иштери жүргүзүлөрүн билдирди.

Якутиянын Тергөө комитетинин маалыматына караганда, 17-марттын таңында белгисиз үч адам бир аялды зордоп машинеге салган. Тергөөнүн версиясы боюнча 23 жаштагы шектүү «машинени гараж тарапка айдап барып, аялды зордуктаган». Мекеме «Зордуктоо» жана «Адам уурдоо» беренелери менен кылмыш ишин козгоду.

Тергөө комитети шектүүлөрдүн бири кармалып, күнөөсүн мойнуна алганын ырастады. Ал кыргызстандык жаран болуп чыккан.

Бул окуядан соң Якутск шаарынын тургундары нааразылык акциясына чыгышкан.

Якутиянын башчысы Айсен Николаев шаардыктарды тынчтыкка жана сабырдуулукка чакырып, «мыйзамсыз миграция менен күрөштү күчөтүүгө» убада берди. (BTo)

XS
SM
MD
LG